• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сапар Исаков 100 пайыз ак экенин айтты

19 Бугу 2018 13:57 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 19.05. 2018. Govori.TV 

Экс-премьер министр Сапар Исаков «Азаттыкка» маек берип жатып, өзүнүн күнөөсү жок экенин, эч жакка качпай турганын айткан.

«Камайт деген сөздөр Интернетте тарап жатат. Атүгүл «Сапар Исаков Америкага качат экен» деген макала да чыгыптыр. Мен өз мамлекетимден эч жакка кетпейм. Мен 100 пайыз тазамын. Эч нерседен коркпойм»,-деген ал.

Ошондой эле ал экс-пррезидент Алмазбек Атамбаев менен азыркы президент Сооролнбай Жээнбековдун ортосундагы мамилелер кайра оңуна келээринен үмүт этип жатканын, дос арасында өйдө-төмөн сөздөр боло берээрин кошумчалаган. Ошондой  эле ал «Алмазбек Атамбаевдин эгер өзүнөн кетсе кечирим сурай турган сапаты бар экенин» жакшы билээрин белгилеген.

Эске сала кетсек, жакында эле КСДПчылар экөөнү жолуктурууга аракет жасап, Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушууга убактысы жоктугун астейдил билдирип койгон эле.

Количество просмотров: 15