• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Селден жабыркаган аймактардагы эпидемиологиялык абал кандай?

22 Кулжа 202614:00 Бишкек Govori.TV

Селден жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-21-июнь күндөрү Баткен, Ош жана Талас облустарында катталган сел кырсыктарынан жабыркаган аймактардагы санитардык-эпидемиологиялык абалга мониторинг жүргүзүлүүдө.

Жабыркаган калктуу конуштарда санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери тарабынан зарыл болгон профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралар уюштурулду. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүп, ичүүчү суунун сапатына лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ошондой эле калк арасында санитардык-агартуу иштери жүргүзүлүп, жугуштуу оорулардын пайда болуу тобокелдиктери бааланууда.

“Ош облусунда жабыркаган калктуу конуштарда үймө-үй кыдыруу жана тургундар арасында сурамжылоо жүргүзүлдү. Мониторингдин жыйынтыгында жугуштуу оорулардын учурлары жана эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашын көрсөткөн белгилер аныкталган жок. Ичүүчү суудан алынган үлгүлөр лабораториялык изилдөөгө жөнөтүлдү”, — деп белгилешти министрликтен.

Количество просмотров: 12