• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Сапар Исаков абактан 7 күнгө гана чыкканын айтты

6 Тогуздун айы 202014:32 Бишкек Govori.TV

Камактагы мурунку премьер-министр Сапар Исаков жаза өтөп жаткан абактан убактылуу гана боштондукка чыккан. Бул тууралуу ал өзү Координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында ал мыйзам чегинде 7 күнгө бошотулганын айткан.

«Сот болгонго чейин абактын жетекчилигинин укугу бар экен 7 күнгө үйгө чыгарганга. Бул аралыкта сот башталышы керек, күбөлөр суралуусу керек», — дейт ал.

Эске салсак, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялар баштаган тынчтык митинги массалык башаламандыкка айланып, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент отурган имаратты басып алышкан. 

Андан кийин митингчилер абакта жаткан айрым саясатчыларды бошотушкан. Алардын арасында мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бар. Ал Бишкек шаарындагы ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча күнөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылган. Апрель айында ал Молдовановка айылындагы №27 жазаөтөө мекемесине которулган.

Количество просмотров: 223