• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сапар Исаков Анжиянга барды

29 Жалган куран 201812:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.29.03.2018.Govori.TV
Сапар Исаков баштаган Кыргызстандын өкмөттүк делегациясын «Достук-автодорожный» текшерип-өткөрүү бекетинен Анжияндын губернатору Шухрат Абдурахманов баштаган  Өзбекстан тарап салтанаттуу түрдө тосуп алды.
Бүгун Сапар Исаков Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын башчыларынын кеңешмесинин жыйынына катышат. Өзбекстан делегациясын өкмөт башчысы  Абдулла Арипов жетектеп келген.
Чектеш облустар башчыларынын кеңешмеси Шавкат Мирзеевдин 2017-жылдын 5-6-сентябрында Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда түзүлгөн. Негизги максаты эки өлкөнүн ортосундагы мамилени жакшыртуу жана кызматташуу.

 

Количество просмотров: 54