• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сапар Исаков дагы УКМКага суракка чакырылды

5 Кулжа 2018 15:52 Бишкек Govori.TV
Бишкек.05.06.2018. Govori.TV.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду бүгүн суракка чакырды. Сурак саат 16:00 башталат. Бул тууралуу өздүк булактар билдирди.
Маалыматка ылайык, Кубанычбек Кулматов менен Сапар Исаков бүгун камалышы толук мүмкүн.
Эскерте кетсек, УКМК Исаковго кылмыш иш козгоп, аны шок абалына келтирген. Акыркы жолу Исаков алты сааттан ашык сурак берип чыккан.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго «коррупция» беренеси боюнча айып тагылып, эч жакка кетпөө жөнүндө баш коргоо чарасы тандалган.
«ТЭЦтин авариясы менен модернизацияга кеткен 386 млн. доллардын жумшалышы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна өзгөртүүлөр киргизилген. Экс-өкмөт башчы Сапар Исаковдун жоопкерчилиги өзүнчө пункт менен бөлүп жазылган.
Анда белгилүү болгондой, модернизация маселеси боюнча артыкбаш чыгымдар, Кытайлык компаниянын кызыкчылыгы ал кездеги Президенттик аппараттын тышкы саясат боюнча бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков тарабынан корголгону иликтөөнүн жүрүшүндө жана корутундуну талкуулоодо белгилүү болгон.
Ал эми, Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Осмонбек Артыкбаев ЖЭБ чуусуна байланыштуу маселеде чечим кабыл алгандар эмес, аны аткаргандар айыпталып жатат деп жар салган. Министрлик Сапар Исаковдун  Бишкек ТЭЦин модернизациялоо жөнүндө тапшырмасын аткарды, деп парламенттеги ТЭЦ боюнча депутаттык комиссиянын корутундусун талкуулап жатканда депутат Осмонбек Артыкбаев айткан эле..
Анын айтымында, ТЭЦтеги модернизация, ага корогон 386 млн. доллар боюнча аткаруучулар эмес жогору жактан буйрук бергендер жоопко тартылышы керек.
Количество просмотров: 27