• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сапар Исаков ден соолугуна байланыштуу сотко келген жок

26 Бирдин айы 2020 12:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектин Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча бүгүн эртең мененки убакка белгиленген сот отуруму болгон жок. Буга соттолуучу, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун ден соолугу начарлаганы себеп болгонун анын адвокаттары «Азаттыкка» кабарлашты.

Алардын айтымында, Исаков өзүн начар сезип жатканын кароол кызматкерлери билдиришти. Эгер абалы жакшырса, сот түштөн кийин уланары айтылды.

Бишкек ЖЭБин модернизациялоого Кытай бөлгөн акчанын коротулушу боюнча кылмыш ишин шаардык сот апелляциялык негизде карап жатат.

Мурдагы эки премьер-министр – Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиевден тышкары энергетиктер жана экс-министр болуп баш-аягы сегиз мурдагы аткаминер «Коррупция» беренеси менен 2019-жылдын 6-декабрында соттолгон.

Буга чейин Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, ал 2019-жылдын август айында Улуттук госпиталга жатып чыкты. Адвокаттар мурдагы премьердин ден соолугу калыбына келбей жатканын айтышкан.

Количество просмотров: 125