• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сапар Исаков эртең үй камагына чыгышы мүмкүн

12 Кулжа 2018 17:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12. 06. 2018. Govori.TV

Эртең Бишкек шаардык сотунда мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаковдун баш коргоо чарасы боюнча кассациялык арызын карайт. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты.

Анда белгилүү болгондой, экс-премьер министр Сапар Исаков учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайында эки айга камакка алынган. Ага кыйноолорго каршы улуттук борбордун эксперттери жолугуп, абалы менен таанышып чыгышкан.

Алар белгилегендей, камалып жаткан кылмышка шектүүнү абалы жакшы, ага эч кандай мыйзамсыз сурактар, басым, кысымдар болгон эмес. Жактоочусунан сырткары ЖКнын айрым депутаттары да жолугуп чыгышкан.

Ошондой эле камакта ал мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев менен көздөштүрүлгөнү маалым.

Количество просмотров: 30