Бишкек 19.04.18 Govori.tv
Мага кеңешчи болуп жумушка орношкондор талаада калбайт. Алар чет өлкөгө барса 5000 доллардан кем эмес айлык алышат. Бул тууралуу Сапар Исаков «Апрель» телеканалына берген маегинде айтты.
«Кеңешчилерим кызмат үчүн эмес, патриоттук сезим менен келген. Биз түнкү саат 12 ге чейин иштеген күндөр болду. Бүгүн мага арыз жазып келишиптир. Кийинки өкмөт башчы менен иштеше бергиле десем болбой койду»-деди Сапар Исаков.