Мурунку өкмөт башчы Сапар Исаков бүгүн апелляциялык арызды кароо боюнча Свердлов райондук сотунун отурумуна катышпай тургандыгын билдирди.
Исаков баардык соттор көз каранды жана саясий чечим чыгарышат деп эсептейт. Мындан сырткары, ал сотко адвокаттарынын катышуусу жетиштүү болорун белгилеп, бирок адилеттик үчүн күрөштү токтотпой турганын кошумчалады.
Эске салсак, 6-декабрда Бишкектин Свердлов райондук соту бул иш боюнча айыпталуучулар, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду жана «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевди 15 жылга кескен.