• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сапар Исаков: Траспорттук инспекцияга «маршрутниктер» расмий эмес 3 миң сом, ал эми Маичилерге 5 миң сом айына беришет

3 Чын куран 2018 8:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 03.04.2018.Govori.TV.
Мага берилген маалыматка ылайык траспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес төлөм иретинде айына дээрлик 3 миң сом берип турушу керек экен», – деп Сапар Исаков, 2-апрелде, Бишкектин автоунаа ишканаларынын ишмердүүлүгүн камсыз кылуу маселеси боюнча кеңешмеде билдирди.

Кеңешменин башында Өкмөт башчы Бишкек шаарынын тургундарына траспорттук кызмат көрсөтүүнүн токтошу бир нече себептерге байланыштуу, бирок жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда мыйзамдардын аткарылышы жеңилдетүүсүз өтүшү керек деп белгиледи.
«Мыйзам бадыгына бир жана эч кимге жеңилдиктер берилбейт. Мыйзамдардны нормаларын баарын аткарышат, бул маселе Өкмөттүн ишинде приоритет болуп эсептелет», – деди Премьер-министр.
Сапар Исаков жеке автоунаа ишканаларынын кызмат көрсөтүүсүнүн токтоо себептерин жана кичи бустардын айдоочуларынын нааразычылыгын белгилеп, мамлекеттик жана муниципалдык көзөмөлдөө ыйгарым укуктуу органдарынын транспорттук кызматтарды көрсөтүү ишмердигинде бейформал төлөмдөрү жөнүндө толук маалыматы бар экенин белгиледи.
«Мен Транспорт жана жолдор министрлиги алдындагы транспорттук инспециянын ишмердүүлүгүнө өзгөчө көңүл буруп кетет элем. Мага берилген маалыматка ылайык транспорттук ишкананын ар бир бригадасы аталган инспекцияга расмий эмес төлөм иретинде айына дээрлик 3 миң сом берип турушу керек экен», – деди Сапар Исаков жана министр Жамшитбек Калиловго бир жума аралыгында көрүлгөн чаралар боюнча толук маалымат берүү тапшырмасын берди.
Ошондой эле Өкмөт башчы тармактуу министрлик менен катар транспорттук компаниялар жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлерине дагы айына 5 миң сомдон ашык төлөгөнгө мажбур болгондугун белгилеп кетти.
Количество просмотров: 40