• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Транспорт министрлигинде коллегия өттү. Кайсы маселелер талкууланды?

27 Бирдин айы 202510:19 Бишкек Govori.TV

26-февралда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы астында коллегия өттү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Күн тартибинде жалпы 4 маселе каралып, 2024-жылдын жыйынтыктары жана 2025-жылга коюлган милдеттер тууралуу баяндамалар жасалды. Ошондой эле, министрликтин борбордук аппаратынын узап кеткен жыл ичиндеги жалпы иштери, аткаруу тартиби, жарандардын кайрылуулары тууралуу отчету угулду.

Жыйын суроо-жооп форматында уланып, коллегиянын соңунда жумушунда жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге эскертүү жана сөгүш берүү маселелери каралды.

Жыйынтыгында министр Абсаттар Сыргабаев тиешелүү жетекчилерге алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасын койду.

Количество просмотров: 142