Бишкек. 20.08.2019. Govori.TV
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан ооруканага котурулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун жакындарына жолугушууга уруксат берди. Бирок УКМК аларга үч саат гана убакыт бергенин, анын адвокат Нурбек Токтакунов кабарлады.
УКМКнын Тергөө абагында отурган Исаков ооруканага которулганы 16-августта белгилүү болгон. Атайын кызмат ага «омуртка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлганын билдирген.
Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык экенин 19-августта УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулаймановдун айтымында, ал «күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тиешелүү дарылануу алып жатат».
Сапар Исаков Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жана Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөдөгү жемкорлукка тиешеси бар деп, 2018-жылы камалган. Кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланып жатат.