Кыргызстандын мурунку премьер-министри Сапар Исаковду № 1 тергөө абагынан Петровка айылындагы №8 түзөтүү абагына которгону жатышат. Бул тууралуу анын жактоочусу Замир жоошев билдирди.
Анын айтымында, бул тууралуу алардын толук, расмий маалыматтары жок.
«Бизде азыр Исаковдун кайда экендиги тууралуу расмий маалымат жок. Ал тургай анын тергөө абагында отургандыгы же жоктугу тууралуу да айтпай жатышат. Биз мамлекеттик органдагы өздүк булактардын маалыматына таянганга аргасыз болуп жатабыз. Биз соттон расмий соттук талап берүүнү өтүнгөнбүз. Алар : «Биз силерге чалабыз жана оозеки билдиребиз» деген», — дейт жактоочу.
Исаковду эртең, 23-апрелде колонияга которгону жатат. Бирок, жактоочулар аларга расмий маалымат берилбей жатканын айитышууда.
Эске салсак, Сапар Исаковду 15 жылга кесип, мамлекеттик сыйлыктарынан ажыратуу тууралуу райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.