• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Алмазбек Атамбаевдин конфискацияланган үйүнө барышы тууралуу жактоочусу үн катты

16 Бирдин айы 2023 9:56 Бишкек Govori.TV

Ушул жылдын 14-февралында, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев абактан бошотулуп, мамлекетке өткөн Кой-Таштагы үйүндө анын жакындары тосуп алган. Мындан улам, коомчулукта конфискацияланган үйүнө барганы суроо жараткан болчу.

Анын жактоочусу Замир Жоошев бул тууралуу билдирүү жазды.

«Үй мыйзамдуу түрдө конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун балансына өткөрүлүп берилгени менен иш жүзүндө экс-президенттин үй-бүлөсү ушул күнгө чейин үйдө жашай берген.

Эсиңиздерде болсо, 2022-жылдын жай айларында Кой-Таштагы үйдүн аймагына Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун өкүлдөрү жана сот аткаруучулар өз ыктыяры менен турак жайдан көчүп кетүү талабы менен келишкен. Бирок, экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрү Батукаевдин иши боюнча мыйзамсыз конфискацияланган мүлкү болгондуктан үйдөн чыгуудан баш тартышкан. Эгерде ижарачылар өз ыктыяры менен көчүүдөн баш тартса, анда мыйзам боюнча сот аткаруучулар сотко кайрылууга тийиш жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечиминин негизинде гана мажбурлап чыгаруу жүргүзүлүшү мүмкүн.

Андай сот актысы болгон эмес, азыр да болушу мүмкүн эмес. Батукаевдин бошотулушу боюнча сот өкүмдөрү жокко чыгарылды. Ушуга байланыштуу конфискацияланган бардык мүлк мыйзамдуу жана иш жүзүндө ээлерине кайтарылууга тийиш»,-деп жазды Замир Жоошев.

Количество просмотров: 911