Улуттук тарых музейин жана Чолпон-Атадагы ат майданды оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча шектелип жаткан Сапар Исаков Биринчи май райондук сотуна мажбурлоо жолу менен алынып келинди. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Ал эми Сапар Исаков соттук отурумга катышууга ниети жок экенин белгилеп, мажбурлоо чараларына нааразы болгон.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, Исаков менен Карыбаева жогорку мамлекеттик кызматты ээлеп турган жылдары ыйгарым укуктарынан аша чаап, өлкөнүн кызыкчылыгына оор зыян келтирген.
Сапар Исаков музей боюнча кылмыш иши саясий негизде козголгон деген пикирин билдирип келет.