Бишкек.18.08.2019.Govori.TV.
Мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковдун абалы канааттандырарлык. Бул туурасында анын жактоочусу Замир Жоошевдин сөзүнө таянуу менен Гүлнура Төралиева Фейсбук социалдык тармагына жазды.
«Сапар Исаков адаттагыдай эле эч нерсеге арызданган жок. Аябай акырын сүйлөй алат, колу-бутун кичине кыймылдатып жатат. Дарыгерлердин айтымында, эртең менен анын абалы кескин оорлошуп кетип, шашылыш ооруканага алып келип, консилиум өткөрүшүптүр. Бир нерсе деп айтыш оор, анткени, палатага эч кимди киргизбей жатышат, медиктер эч нерсе айтпай жатышат», — деди Гүлнура Төралиева.
Кошумчалай кетсек, анын палатасын онго жакын күч органдарынын кызматкерлери кайтарып, учурда ал Бишкектеги Улуттук госпиталда.