• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сапар Исаковдун кандай абакта отурганы көрсөтүлдү (сүрөт)

5 Бугу 202013:35 Бишкек Govori.TV

22-апрелде Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын атайын комиссиясы тарабынан мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жаза өтөй турган жери аныкталган.

Эки инстанциядагы соттун чечими менен Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгүнүн, 319-беренесинин 2-бөлүгү (2017-жылы киргизилген өзгөртүүлөр боюнча) боюнча күнөөлүү деп табылып, анын негизинде 6 категория боюнча 15 жылга эркинен ажыратылган.

Комиссиянын чечими менен Исаков СИЗО-1 мекемесинен Чүй облусунун Москва районундагы Петровка айылында жайгашкан жалпы режимдеги №8 түзөтүү колониясына которулган.

Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун 2019-жылдын отчетуна ылайык, аталган мекеме 1969-жылы курулган. Эң көп дегенде абакта 1000 адам кармалат. Мекеменин аймагында бир кабаттуу турак жай, эки кабаттуу беш турак үй жана үч кабаттуу имарат бар.

Булак: АКИpress

Количество просмотров: 13081