Бишкек. 16.08.2019. Govori.TV
Сапар Исаковдун абалы туруктуу. Ага адвокаты кирип чыкты. Мурдагы премьер-министр бопбоз жана араң сүйлөп жатыптыр. Бул туурасында анын кеңешчилеринин бири Гульнура Торалиева социалдык түйүндөгү баракчасына жазды.
Анда айтылгандай, Сапар Исаковдун адвокатына медициналык жыйынтык берилбеген жана жубайын киргизбей жатат. Ошондой эле, Торалиева кошумчалагандай Исаковдун жактоочусуна же туугандарына эртен менен болгон кризист жөнүндө маалымат берилбептир.