Бишкек.30.08.2019.Govori.TV.
КРдин экс-премьер-министри Темир Сариев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин үй камагына чыгуусу жана анын келечектеги кадамдары кандай болуусу мүмкүн экендиги тууралуу өз пикирин айтты.
«Соттун чечимин күтөлү. Анын командасы Текебаев менен Чотоновдун актыгын далилдөөгө болгон аракеттерин жасашат. Ал эми анын саясаттан кетүүсү тууралуу айтсак, мындайча айтканда Текебаев саясаттан кеткен деле эмес. Абакта жатканда да ал саясий кырдаал кабардар эле. Өмүрбек Текебаевди көлөкөгө кетип, мемуар жазып калат деп божомолдоо болбогон кеп. Мен так билем Текебаев саясий токундун чордонунда болот. Ал эми позициясы кандай болот ал башка суроо»,-деди Сариев.
Эске салсак, 29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын караган. Натыйжада саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.
«Ата Мекен» партиясынын буга чейин түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп келген лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде, 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.
Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн. Кийинки соттук жараян 12-сентябрга белгиленди.