Сары-Таш айылында калың кар жаады. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда соцтармакта тараган видеодо айтылат.
Бегилей кетсек, буга чейин Ош облусунун Ош — Сары-Таш — Эркештам жолуна кар көчкү түшүп, жолдорго маал-маалы менен чектөө киргизилип жатканы кабарланган. Маалыматка ылайык, аталган автожолдун 167-169 жана 171-173-чакырымдарында кар көчкү түшкөн.
Учурда ЖКККББнын Жол көзөмөлдөө бөлүмү жана ЖТМнын техникасы жолдорду тазалоодо.