Акыркы жума ичинде Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандардын саны 5,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, ооругандардын басымдуу бөлүгү 14 жашка чейинки жаш балдар.
Мындан сырткары, министрлик өлкөдө жалпысынан эпидемиологиялык абал туруктуу экенин кошумчалады.