• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сатаев соттун «Азаттыкка» чыгарган чечимин сындады

27 Чын куран 2023 18:35 Бишкек Govori.TV

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук соту Маданият министрлигинин «Азаттыкка» каршы доо арызын канааттандырып, басылманын ЖМК катары ишмердигин токтотуу чечимин чыгарды.

Медиа эксперт Өмүрбек Сатаев соттун чечимин сындап төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Бул өтө өкүнүчтүү нерсе. Чындыгында менде үмүт бар болчу, бийлик коркутуп — үркүтүп кайра иштөөгө уруксат берет деген. Мындай кадам менен башка ЖМКларды коркутуп алабыз деген ой пайда болду окшойт. Өлкөдө медиалардын түптөлгөнүнө отуз жылдан ашты. Баардык медиаларды жаап, элдин оозун бууп сала албайт»,-деди Сатаев.

Былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеп жатат.

23-январда Маданият министрлиги «Азаттык Медианын» жалпыга маалымдоо каражаты катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылган.

Доо арызында мекеме кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыяланган видеоматериал өчүрүлө электигин жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканын белгилеген.

«Азаттык Медиа» бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин белгилеп келет.

Количество просмотров: 96