• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишиге козголгон кылмыш иши токтотулду

2 Жетинин айы 2021 16:31 Бишкек Govori.TV

Бишкекте сатуучу кызды калькулятор менен чаап жиберген кишиге козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу Октябрь райондук сотунан кабарлашты.

Соттун чечиминде, өндүрүштүн жүрүшүндө жабырлануучу кылмыш ишин токтотуу боюнча өтүнгөндүктөн, сот тараптардын элдешкенин эске алуу менен кылмыш ишин токтотуу чечимин кабыл алганы айтылат.

Сот отуруму 29-октябрда болуп, шектүү камактан бошотулду.

Эске салсак, окуя 2-август күнү Горький жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода борборунда болгон. Арыз жазган кыздын айтымында, ал күнү бейтааныш эркек киши мас болуп алып, аны менен урушуп, сөгүнгөн. Чатакташып жатканда калькулятор менен башка чаап салган. Кылмыш ишинин алкагында шектүү катары 29 жаштагы А.А. аттуу жаран кармалган.

Количество просмотров: 93