• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сатыбалдиев: Сөз эркиндигин буубаш керек

26 Үчтүн айы 202216:07 Бишкек Govori.TV

Сөз эркиндигин буубаш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

«Акыркы окуялар боюнча маалыматым бар. Ар бир тараптын өз жүйөсү болот. Сөз эркиндигин буубаш керек, Баш мыйзамда дагы жазылган. Кайсы кылмыш менен кандай жоопко тартып жатышат бул башка маселе. Тергөөнүн жыйынтыгы менен баары белгилүү болот деген ойдомун. Бирөөгө жалаа жабуу кыйын, өлкөдө коомчулуктун күчү абдан зор. Журналисттердин гана эмес, ар бир жарандын коопсуздугу каралыш керек»,-деди депутат Сатыбалдиев.

Белгилей кетсек, иликтөөчү журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровдун баңгизат колдонууга айыпталып, кармалышы коомчулукта кызуу талкууларды жаратты. Айрымдары иликтөөлөр жарыялангандан кийинки бул окуяны «сөз эркиндигине кысым» деп баалашса, Ички иштер министрлиги катардагы кылмышты иликтөө катары түшүндүрүп жатат.

Количество просмотров: 125