• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Депутат Сатыбалдиев Бакиев менен эмне үчүн жолукканын айтты

11 Тогуздун айы 2023 13:48 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты  Элмурза Сатыбалдиев качкын президент Курманбек Бакиев менен Беларуста жолукканы боюнча комментарий берди.

«Чындыгында биз расмий сапар менен Беларусиянын борбору Минск шаарына бардык. Эки күн иш сапарда жүрдүк. Ал эми мен Курманбек Бакиев менен чогу иштегем. Ал киши менен учурашпасам, дагы тетири сөз болмок. Иш сапардан сырткары өз каалоом менен жолугуштум. Бир жарым-эки сааттай отурдук. Келинчеги каза болуп калгандыгына байланыштуу куран окуп, көңүл айттык», — деди ал.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин делегациясы өткөн жумада Минск шаарына барган. Көп өтпөй социалдык тармактарда Шакиев депутаттар Элмурза Сатыбалдиев жана Бактыбек Сыдыков болуп Бакиев менен жолуккан деген маалымат тараган. 

Ал эми төраганын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев бул маалыматты «чындыкка дал келбейт» деп атаган.  

Кошумчалай кетсек, Курманбек Бакиев 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып, учурда ошол жакта жашайт. Бакиев сыртынан 30 жылга эркинен ажыратылган.

Количество просмотров: 1051