• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сауд Арабия парламентинин спикери Кыргызстанга келди

22 Теке 201915:10 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кыргызстанга келген Сауд Араб падышалыгынын Аш-Шура Мажилисинин спикери Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш- Шейх менен бүгүн жолукту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушуунун алкагында кыргыз-араб соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү сыяктуу бир катар маселелер талкууланды.Ошондой эле, Абдулла бин Мухаммад бин Ибрахим Аль Аш Шейх Кыргызстанга жасаган сапары өзгөчө кызыктуу боло турганын белгиледи.

“Мен жеке өзүмдү Кыргызстандын досумун деп эсептейм. Сауд Араб падышачылыгынын элчилиги да көп багыттар боюнча эки мамлекеттин өз ара байланыш-катышын салым кошуп келет. Мамлекет башчыларыбыз дагы достук мамиле түзүштү”, -деди Арабия парламентинин спикери.

Андан тышкары, Арабияда билим алып жаткан кыргызстандык студенттерди стипендия менен камсыздоо каралып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 18