• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сауд Арабиядагы ажылык сапарда төрт тажик зыяратчысы каза болду

1 Баш оона 2023 15:36 Бишкек Govori.TV

Быйыл Сауд Арабиядагы ажылык сапарда төрт тажик зыяратчысы каза болду. Бул тууралуу 1-августта Тажикстандын Дин иштери жана каада-салттарды жөнгө салуу комитетинин өкүлдөрү билдиришти.

Комитеттин маалыматына караганда, бул жарандар «табигый себептерден улам каза болуп, белгиленген тартипте ушул өлкөдө жерге берилген».

Көз жумган зыяратчылар тууралуу кошумча маалымат берилген жок. «Озоди» радиосу каза болгондордун бири Мастчин районунун тургуну Абдулло Шарифов экенин билдирген. Ал 18-июнда Меккеде акка моюн сунуп, сөөгү ошол жерге коюлган. Маалыматка караганда, Шарифовдун жүрөгү кармаган.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин маалыматына ылайык, былтыр умра зыяратында 7 адам каза болгон.

Быйыл Сауд Арабиясы Тажикстанга чоң ажылык сапары үчүн 7 миң квота бөлгөн.

Количество просмотров: 180