• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Саясатчы Бектур Асанов үй камагына чыкты

7 Бирдин айы 2024 17:06 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Бектур Асанов үй камагына чыгарылды. Маалыматты Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, мындай чечим бүгүн, 7-февралда кабыл алынган. Ал эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду.

Буга чейин Асановго операция жасалып, дарыланууга муктаж экени айтылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 10у тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.

Количество просмотров: 150