Бишкектин Биринчи Май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Бектур Асановдун 19-марттан 19-апрелге чейин Түркияга барып дарыланып келишине уруксат берди. Бул тууралуу жактоочу Кантемир Турдалиев билдирди.
Буга чейин Асановго операция жасалып, дарыланууга муктаж экени айтылган.
Асанов 7-февралда эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулган.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган. Ушул тапта кармалган 27 кишинин 10у тергөө абагында отурат. Калгандары үй камагына чыккан.
Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон.