Бишкек.26.06.2019.Govori.TV.
Экс президентти, саясий кызматчыларды, убактылуу, Элдик трибунал гана соттошу керек. Мындай билдирүүсүн саясатчы Р. Жээнбеков айтты:
«Бийликтин элдешкис оппоненти, экс президент Атамбаевди соттоо аракети бүгүнкү күндө, өлкөдө, эң актуалдуу маселеге айланды. Бийлик туура кылып атат, бийлик Атамбаевден өч алып, саясий талааны тазалап атат дегендер да бар. Бул пикирлер саясий аргументтер жана риторикалар.
Бирок, саясий маселелер менен бирге адилеттүүлүк, мыйзам үстөмдүгү принциптери эртели кеч актуалдашат.
Сот укуктук системасы коррупциялашкан, президентке көз каранды жана эл ишениминен ажыраган өлкөдө бул принциптер эртели кеч эң актуалдуу маселеге айланат. Дүйнөлүк мыйзам үстөмдүгү (Верховенство права) индекси боюнча, Кыргызстан, 120 мамлекеттин ичинен 85 — орунда, ал эми Кыргызстандын статистика комитети жүргүзгөн 2019-жылдын, Эл ишеними индекси боюнча, укук коргоо органдары эл ишенбеген биринчи 5 органга кирген
Бул Кыргызстанда соттук укуктук система толугу менен талкаланган дегенди түшүндүрөт.
Талкаланган укуктук жана соттук система мурдагы президентке, премьер министрлерге, ЖК төрагасына жана министрлерге күнөө коюп, соттой албайт.
Укуктук соттук система реформаланганга чейин, жогорудагы коомдук саясий маанилүү кызматтагы адамдарды элдик трибунал соттосо туура болот. Ал эми, ал трибуналда мамлекеттик күнөөнү Генералдык прокурор өзү — жеке камсыз кылышы керек.
Бул жол, убактылуу адилеттүүлүктү камсыз кылат. Генералдык прокурордун жеке жоопкерчилиги аркылуу укук коргоо органдарынын жоопкерчилигин күчөтөт. Өлкөгө саясий стабилдүүлүк жаратат».