• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Саясатчы Ташиевдин баласы Италиядагы футбол академиясына өттү

22 Бугу 2020 18:33 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмирхан Италиядагы Паоло Росси футболдук Академиясына чакыруу алды. Бул тууралуу саясатчы 24.kg агенттигине билдирген.

«Эмирхан өзү 15 жашта, бирок ал U16-U17 командасына ойноого чакыруу алды. Кыргызстандын тарыхында биринчи кыргыз футболист Италиянын расмий чемпионатында ойной баштады»,-деп билдирген Ташиев.

Кошумчалай кетсек, 18 жашка чейинки футболчуларды тарбиялаган Паоло Росси академиясы Европадагы алдыңкы спорттук окуу жайлардын бири болуп эсептелет. Академияны Италия курама командасынын мурдагы чабуулчусу, «Алтын топ» сыйлыгынын ээси Паоло Росси негиздеген.


Количество просмотров: 780