• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Саясатташкан “гейпарад”. Самаков камактан чыкты…

14 Жалган куран 2019 10:15 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.03.2019. Govori.TV

Бишкекте 2 айдоочу жол талашып мушташа кетти

Бишкекте 2 айдоочу жол талашып мушташа кеткен видеосу интернетке тарады. Видеодон жол талашуудан улам бир айдоочу экинчисин уруп койгонун, катуу сокку алган айдоочу жерге башын кармап жатып калганын, ал эми бул учурда ага кол көтөргөн айдоочу качып кетүүгө аракеттенип, бирок ошол жерде турган адамдар токтотуп калышканын көрүугө болот.

Бул окуя боюнча Бишкектеги Биринчи Май РИИБи тарабынан тактоо иштери жүрүп жатканын билдиришкен.

Жол талашып улуу адамга кол көтөрүүнүн жазасы кандай болот?

Катталган окуя боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы катышуучулар толугу менен аныкталганын айтышып, КРнын жоруктар Кодексине катталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш боюнча соттук медициналык экспертиза дайындалдып, териштирүү иштери башталган. Майда ээнбаштык боюнча мыйзамга ылайык II категориядагы штраф ( 30 000 дон 60 000 сомго чейин) же II категориядагы эркинен ажыратуу ( 6 айдан 1 жылга чейин) каралган.

Карасартованын “8-мартта өткөн акциянын артында УКМК турат”,-деген маалыматы текшерилет

Парламенттин жыйынында 8-мартта болгон тынчтык маршы тууралуу маалымат угулду. Анда депутат Жылдыз Мусабекова укук коргоочу Рита Карасартованын Govori.TVга “бул акциянын артында УКМК турат”,-дегенине эч кандай жооп болбогонуна кызыкты.

Депутаттын мындай суроосуна УКМКнын өкүлү бул боюнча иликтөө жүрөөрүн, эмненин негизинде Карасартова мындай деп жатканы тууралуу жумуш жүргүзүүлөрүн айтып жооп берди.

Эске салсак, укук коргоочу Рита Карасартова “Govori.TV” агенттигине маек берип  “8-мартта өткөн акциянын артында УКМК турат”,-деген пикирин айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов ушул маселе тууралуу пикирин айтып жатып гомосексуалдар сөзүн айталбай тили сынды.

Эл өкүлү Каныбек Иманалиев 8-мартта мыйзам эмес, нарк-насил бузулганын айтты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков камактан чыкты

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков шартту түрдө камактан бошотулду. Бул тууралуу Govori.TV. агенттигинин булактары билдиришти.

Маалыматты Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын маалымат-катчысы Govori.TV. агенттигине тастыктады.

Карганбек Самаков жатак абагына чыкты, өлкөдөн сыртка чыкса болбойт, болгону биздин көзөмөлүбүздө болот. Шартту турдө чыккандан кийин, бир жарым жылдык мөөнөтүн жатак абакта өткөрөт. Жаңы кодекстерге ылайык, соттолгондордун баарынын иштери кайра карап чыгууга жиберилген”, -дейт ЖАМКтын өкүлү.

Бирок Самаковдун баласы Кубанычбек Самаков камакта калды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Карганбек Самаков 10 жылга күчөтүлгөн тартипте эркинен ажыратылган. Карганбек Самаковдун мүлкү конфискацияланып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги камакта өтөгөн. Бирок, жаза мөөнөтү эки мунапыс менен абак мөөнөтү үчтөн экиге кыскарган.

Количество просмотров: 33