• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сегизбаевдин санына желим ок тийип

7 Баш оона 201922:51 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев жаракат алды. Бул туурасында Тез жардам кызматындагы булактар билдиришти.

Сегизбаевдин санына желим ок тийип, Тез жардам кызматына кайрылган. Учурда анын абалы туруктуу экени айтылат.

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлиги саат 21.50дө жаракат алган жети адамды Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна алып келишкенин маалымдады.

Мындан сырткары, Кой-Ташта убактылуу медициналык пункт түзүлдү. Керектүү учурда жардам көрсөтүүгө дарыгерлер даяр турат.

Количество просмотров: 16