• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сейсмология институту: Жер титирөөнүн күчү 4,5 баллга жеткен

12 Аяк оона 202514:34 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Сейсмология институтунун малыматына ылайык, саат 13:57 Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда күчү 4,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Бишкек шаарынын аймагында 4 баллга чейин сезилген (Бишкек шаарынан 20 чакырым түштүк-чыгышта).

Учурда ӨКМдин Жарандык коргонуу кызматтары жер-жерлерде тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Количество просмотров: 158