• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сейтек Атамбаев агасы суракка кирип чыкканын айтып, кайрылуу жасады

9 Баш оона 201917:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев агасы Сейитбек укук коргоо органдарына сурак берип, кайра кое берилгенин социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Урматтуу кыргыз элим! Учурда мени эч ким эч жакка кармап кеткен жок. Буга чейинки тараган маалымат боюнча айтсам, бир тууган агам Сейитбекти суракка чакырып, кайра коё беришти», — деп жазган ал.

⠀Сейтек Атамбаев ошондой эле элди чагымчылдыкка алдырбоого чакырып, өлкөгө тынчтык керек экенин кошумчалаган.

Эске салсак, 8-август күнү кечинде мурунку президент Алмазбек Атамбаев күч структураларына багынып берген. УКМКга алып келинген Атамбаевдин баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту тандап, 26-августка чейин камакта калтырган.

Бүгүн эртең менен Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү суракка чакырылып, Кундуз Жолдубаева коё берилсе, Фарид Ниязов убактылоо кармоочу жайга киргизилген. Анын баш коргоо чарасы 10-августта тандалмакчы.

Количество просмотров: 18