• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сейтек Атамбаев: «Атаңа бийликте турганда айтпайт белең!»

28 Теке 201914:19 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.07.2019.Govori.TV.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев атасынын айланасында болуп жаткан окуялар боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына пикирин жазды. 

«Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү окусам: «Атаңа бийликте турганда айтпайт белең!» — деген сөздөр болууда. Мен бир чындыкты айткым келет. Үй-бүлөмдүн, атамдын жакындарынын духу жетпей турганда, мен атама айтчумун:
-«Сиздин шопуруңуз, жансакчыңыз, балашкаларыңыз, Сиз мамлекетибизге жасаган жакшы иштерге көлөкө түшүрүп жатат!»-деп. Ушул сөздөрдүн кесепетинен, мына эки жылдын ичинде атам экөөбүз бир жолу эле көрүштүк! Керек болсо эки достун ортосуна интрига жаратып, азыркы абалга алып келгендер дагы ушулар!
Калыстык деген баардык жакта болуш керек жана бардыгына бирдей калыстык айтылышы керек!», — деп жазган Атамбаев.

Количество просмотров: 19