• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сейтек Атамбаев: Мен макимди алып, ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи?

14 Баш оона 2019 22:23 Бишкек Govori.TV

Бишкек.14.08.2019.Govori.TV.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек, акыркы кырдаал боюнча пикирин Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Акыркы күндөрү мага карата жазылган билдирүүлөрдү карасам:

«Эмнеге атаң жөнүндө үн катпайсың? Кырдаал тууралуу оюң кандай? Эми эмне болот?» — деген суроолор көп болууда.

Кечирип койгула мени, мен эми кичинекей макимди алып алып ак үйгө барып сез көрсөтүшүм керекпи, же эмне ортого 84 жаштагы таяэнебизди салып жамандайлыбы тиги же бул күнөөлүү деп! Же мен бир сөз айтсам эле иш оңунан чыгып кетеби?

Атамдын бүгүнкү күндөгү абалы мени да түйшүлтөт, абдан оор абалдабыз, бирок азыр тынч, ойлорду бир жерге топтоп, эч кандай провокацияга алдырбай, ойлонуп иш кылышыбыз керек.

7-8-августарда болгон окуяларга азыр баа берүүгө өтө эрте жана бул бааны бир же эки топтун сөзүнүн негизинде болбошу керек. Буйруса, укук коргоо органдары адилеттүү изилдеп калыс жана туура баа беришет деген үмүттөмүн! Сабырдуу бололу!», — деп жазды Атамбаев.

Количество просмотров: 24