• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сел Арстанбапта оорукананы жана соода үйүн каптап, 25 унааны агызып кетти

23 Теке 202421:52 Бишкек Govori.TV

18:30 чамасында Базар-Коргондун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Арстанбап айылында нөшөрлогөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары ички жолду каптаган. Андан көп өтпөй 1 оорукананы жана соода үйүн каптап, 5 көпүрөнү зыянга учуратып, 23 жеңил унааны агызып кеткен.

Селдин кесепеттерин жоюу үчүн Арстанбап айыл аймагынан 4 экскаватор, 2 жүктөгүч, 1 самосвал, Жалал-Абад шаардык №20 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 32 куткаруучу, 2 мотопомпа, Сузак райондук ӨК бөлүмүнөн 9 куткаруучу 2 мотопомпа, Ноокен райондук ӨК бөлүмүнөн 6 куткаруучу 2 мотопомпа, Базар-Коргон райондук ӨК бөлүмүнөн 22 куткаруучу, 1 мотопомпа жалпы 77 куткаруучу, 7 мотопомпа тартылды.

Теги:
Количество просмотров: 781