• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сел каптаган Арстанбап аймагынын 60 пайызы тазаланды

24 Теке 202415:47 Бишкек Govori.TV

Кечээ катуу сел жүргөн Арстанбап-Ата айыл аймагына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 90 куткаруучу, райондук Жарандык коргонуу кызматтарынан 554 кызматкер тартылып, сел каптаган аймактардын 60% тазаланды.

Мындан сырткары 14 инженердик техника, 13 атайын техника тартылып, сел каптаган ички чарбалык жолдорду тазалоо жана калыбына келтирүү жумуштары жүрүүдө.

Сел суулар каптаган 9 турак жайдын ээлерине Кызыл Ай коому тарабынан гигиеналык каражаттар таратылып берилүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 124