• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Сел коркунучунан улам айыл эли көчүрүлдү

21 Баш оона 202422:27 Бишкек Govori.TV

Тоң районунда бийик тоолуу Зындан көлүндө жылышуу болуп, Тоң дарыясынын деңгээли кескин көтөрүлүп, суу ташкындоо коркунучу жаралган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя Мамбетов айыл өкмөтүнө караштуу Туура-Суу айылында болгон.

Туура-Суу айылынын тургундары жана Балык завод тилкесинде жашаган 70 адам жакынкы Эшперов жана Ак-Сай айылдарына убактылуу көчүрүлдү.

Туура-Суу ченегич станциясынын кызматкерлери Зындан көлүндө өзгөрүү болуп, суунун көлөмү көбөйгөндүгүн тастыкташты. Учурда куткаруучулар мүмкүн боло турган кыйраткыч кесепеттерди алдын алуу үчүн дарыянын нугун алмаштыруу иштерин жүргүзүүдө.

Б.Мамбетов жана Күн-Чыгыш айыл аймактарынан 2 экскаватор, 3 жүктөгүч тартылып, Туура-Суу айылын суу каптоо коркунучунун алдын алуу иштери жүрүп жатат.

Теги:
Количество просмотров: 123