Ош — Баткен — Раззаков унаа жолунун 278-чакырымы жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол аталган аймакта жүргөн селден улам жабылган.
Кошумчалангандай селди тазалоо иштерин аткаруу үчүн техникалар тартылууда.