Өзгөчө кырдаалдар министрлиги уюштурган маалымат жыйында жыл башынан бери Кыргызстанда селдин кесепетинен 22 адам каза тапканы айтылды. Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетовдун айтканына караганда, Ош облусунан 15, Ош шаарынан 5, Жалал-Абад облусунан 1, Баткен облусунан 1 адам селдин кесепетинен көз жумган.