Бишкек. 06.04.2019. Govori.TV
Кыргызстандын Футбол федерациясынын экс-президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенти кызмат ордуна талапкерлигин койгондордун тизмесинде жок болуп чыкты.
Буга чейин Султанов ирандык Мехди Тадж менен бирге Борбордук аймактан Азия футбол конфедерациясынын вице-президент кызмат ордуна талапкерлигин койгондугу маалымдалган.
Бүгүн, 5-апрелде Азия футбол конфедерациясы талапкерлердин тизмесин жарыялаган. Бирок ал тизмеде Семетей Султанов жок. Эми аталган кызматка ирандык Мехди Тадждин талапкерлиги көрсөтүлөт. Шайлоо эртең, 6-апрелде Малайзия өлкөсүнүн Куала-Лумпур шаарында өтөт.
2012-жылдын 7-декабрында Семетей Султанов Футбол федерациясынын президенти болуп, 10-январда өз каалоосу менен кызматынан кеткен.
Талапкерлердин тизмеси:
West Zone
Mr. Saoud A. Aziz M A Al-Mohannadi (Qatar)
Central Zone
Mr. Mehdi Taj (Islamic Republic of Iran)
South Zone
Mr. Makhdoom Syed Faisal Saleh Hayat (Pakistan)
ASEAN Zone
Mr. Zaw Zaw (Myanmar)
Dr. Tran Quoc Tuan (Vietnam)
East Zone
H.E. Du Zhaocai (China PR)
Mr Chung Mong Gyu (Korea Republic)
Mr Ganbaatar Amgalanbaatar (Mongolia)