• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Семетей Талас уулу 48 саатка камакка алынды

1 Жетинин айы 2022 22:11 Бишкек Govori.TV

Журналист Семетей Талас уулу 48 саатка  камакка алынды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Алдын ала маалыматка ылайык, Талас уулунун баш коргоо чарасы эртең каралат.

Белгилей кетсек, бүгүн, 1-ноябрда журналист ИИМге суракка чакырылган. Ага Кылмыш жаза кодексинин 332-беренеси («Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу») менен айып коюлууда.

Үстүбүздөгү жылдын 18-февралында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Семетей Талас уулунун үйүн тинтүүгө алып, өзүн кармап кетишкен.

Кийин УКМКга күбө катары алып барылганы, ага экстремизмдин элементтери бар билдирүүнү социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөнү себеп болгону кабарланган.

Количество просмотров: 87