• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Журналист Семетей Талас уулу сотко жеткирилди

3 Жетинин айы 2022 11:03 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналист, жарандык активист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралып жатат. Ал учурда сотко жеткирилди.

Журналисттин жакындары, тарапташтары сот имаратынын алдына чогулганын көрүүгө болот.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Бул факт Улуттук коопсуздук комитетинде катталган.

Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген корутунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда.

Журналист жыл башында УКМКга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген. Сурактан чыккандан кийин «чоң иликтөө жүрүп жаткан ишке байланыштуу күбө катары чакырылганын» айткан.
Ал буга чейин социалдык тармактарда Кемпир-Абад маселеси, камалгандар тууралуу пикирин байма-бай билдирип келген.

Количество просмотров: 117