• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Сен андай күпүлдөбө, бул Жогорку Кеңеш… Депутат Бишкектин вице-мэрин зекиди

27 Аяк оона 2022 15:41 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин 27-сентябрдагы жыйынында депутат жол жана тротуар куруу боюнча көптөгөн долбоорлордо эмне үчүн жашыл аймак каралбай жатканын сурады.

Депутаттын суроосуна жооп берген вице-мэр Орунтаев булар кытай грантынын эсебинен каржыланган долбоор экенин белгиледи.

«Долбоорду өзгөртүү үчүн кайрадан кытай тарапка кайрылышыбыз керек. Ал эми курулуш учурунда биз үйлөрдү бузбай, муниципалдык жерди караган тосмолорду гана бузабыз», — деди ал.

Сатыбалдиев жалпы маалымат бербөөнү суранып, аны токтотту.

«Бирок жооп бергенге уруксат бербей жатасыз», — деген Орунтаев депутаттан кагуу укту.

«Иним, сен антип күпүлдөбө, башка жактан күпүлдө, бул Жогорку Кеңеш. Мен сага эскертүү берем, андай кетпе… Өзүндү сыйлабасаң, бизди сыйла. Сыйлагың келбесе мен сени сыйлатып алам…» — деди депутат.

Количество просмотров: 3148