Бишкек.31.01.2018.Govori.TV
Кыргызстанда 3 күн -30 градуска чейин суук болуп, айрыкча шаардыктардын айласын кетирди. Буга кошул-ташыл Бишкектеги ТЭЦ аварияга учурап, кээ бир микрорайондордо свет өчүп, көп кабаттуу үйлөрдөгү батереялар муздап баштаганын тургундар социалдык тармактарга жазып чыгышкан. Көп өтпөй, Өкмөт башчы Сапар Исаковдун тапшырмасы менен Бишкектиктерге жууркан таратыла баштаган.
Ал эми буга байланыштуу, бул 3 күн аралыгындагы болгон суукту шаардыктар тамаша-чынга аралыштырып, өкмөттүн бул кылыгына мыскылдап шакаба чегишип, ар кандай видео-тасмаларды интернет баракчаларына жайгаштырышты.
https://www.facebook.com/daiyrbek.orunbekov/videos/1607248006022301/