Улугбек Шүкүрбеков Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Ал жөнүндөгү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы бүгүн, 22-ноябрда билдирди.
Ал эми мурдагы катчы Апилов Эрнист Мыктыбекович берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.