• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Милицияга түшкөн жылкылар камактан чыгарылышты

9 Бирдин айы 2018 23:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 09.02.2018.Govori.TV.

Бишкек шаарында ээн-эркин оттоп жүргөн жылкылардын ээси табылды. Ал малын  Биринчи май райондук милициясынан алып кетти.

«Кудай жалгап жаман ойлуу адамдардын колуна түшүп калбаганына сүйүнүп турам. Мобилдик батальондун кызматкерлери айдап келип милиция бөлүмүнө киргизип койгонуна ыраазычылык билдирем»,- дейт жылкылардын ээси.

Мал ээсинин айтымында, анын тогуз жылкысы Орто-Сай айылы тарапта оттоп жүрүшкөн. Алардын жанынан жарым саатка кетип калган ээси, келгенде жылкыларын таппай калган. Бирок экөө ошол замат эле табылып, калган жетөөнү милиция шаар аралап жүргөн жеринен айдап кеткен. Ээси жылкылар жөнүндө кийин интернеттен окуган.

https://www.facebook.com/ilyas.baltashev.1/videos/pcb.1801125166856869/1801122823523770/?type=3&theater

Эскерте кетсек, 9-февралда Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө бош жүргөн жылкылар байкалган. Алар көчө аралап жургөн кезде, шаар тургундары милиция кызматкерлерин чакырышкан.Малдар Биринчи Май райондук милиция бөлүмүнө жеткирилди, ээн жүргөн жаныбарлардын ээси изделүүгө жарыяланган.

Количество просмотров: 14