• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эки дезинфекциялык туннель орнотулду

17 Чын куран 20209:33 Бишкек Govori.TV

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына эки дезинфекциялык туннель орнотулду.Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан ары милиция кызматкерлери жумушка дезинфекциялык туннель аркылуу өтүшөт.

«Дезинфекциялык туннелдер “Мекеним” улуттук кыймылы тарабынан орнотулду. Аталган кыймылдын активисттери шаардык ички иштер башкармалыгына 400 даана атайын коргоочу формаларды жана 5 миң даана коргоочу беткап да тапшырышты»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 109